Жайкы туристтик сезондо "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 15-июлда Москвадан биринчи рейсти кабыл алат. Бул тууралуу "Манас" аба майданынын басма сөз кызматы билдирди.
"Аэрофлот" Москва - Тамчы - Москва каттамы боюнча жумасына үч жолу - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү учууну пландаштырууда.
Баа саясатын билеттер белгиленген ички эрежелерге ылайык саткан авиакомпаниялар аныкташат.