2019-жылдын январь-сентябрында 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 1,6 эсеге көбөйдү жана 513,5 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2018-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу чыгып кетүү агымы соода кредиттеринин, ошондой эле резидент эместерден алынган кредиттердин көлөмдөрү өскөн.
2019-жылдын январь-сентябрында инвестициялардын чыгып кеткен агымынын көбөйүшү айыл чарба ишканаларынан – 7,7 эсеге, курулуш чөйрөсүнөн – 2,4 эсеге, геологиялык чалгындоодон – 3,7 эсеге, иштетүү өндүрүшүндө – 0,8 пайызга көбөйгөн.
КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйдү, бул негизинен Кытай (2,5 эсеге), Улуу Британия (12,7 пайызга), жана Түркия (5,0 пайызга) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.