Отун-энергетикалык комитет өкмөттү социалдык-багыттагы тарифтерди сактоого чакырды

09.02.2022, 11:52 Акчабар
Отун-энергетикалык комитет өкмөттү социалдык-багыттагы тарифтерди сактоого чакырды

Кечээ, 8-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутаттар электр жана жылуулук энергиясына тарифтер боюнча Энергетика министрлигинин маалыматын угушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Каралып жаткан маселе боюнча Энергетика министринин орун басары – Таалайбек Ибраев белгилегендей, 2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, калк үчүн айына 700 кВт⋅саатка чейин керектөө менен тариф кВт⋅саатына – 0,77 сомду, айына 700 кВт⋅сааттан жогору болсо, тариф кВт⋅саатына 2,16 сомду түзөт.

«Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган керектөөчүлөр үчүн кВт/саатына 0,77 сом тарифи чектөөсүз иштейт. 16 жашка чейинки балдары бар жана мамлекеттик жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын тарифи 1 кВт/саат үчүн 50 тыйындан берилет. Насостук станциялар үчүн тариф кВт⋅сааты/1,09 сомду; бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр үчүн тариф кВт⋅саатына 2,52 сомду түзөт», - дейт ал.

Талкунун жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясын, ошондой эле ысык суу менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн сактоо зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, парламентарийлер өкмөткө электр энергиясын үнөмдөө боюнча иш-чараларды ишке ашырууну тездетүүнү жана жылуулук үчүн альтернативдүү энергия булактарын колдонууну талап кылышты.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу