Өзбекстан коронавируска байланыштуу бир катар жаңы чектөөлөрдү киргизди

13.07.2020, 10:00 Акчабар
Өзбекстан коронавируска байланыштуу бир катар жаңы чектөөлөрдү киргизди

Өзбекстан коронавируспандемиясынабайланыштуу 13-июлдан  1-августка чейин жаңы чектөөлөрдү киргизди.Ага ылайык, дем алыш күндөрү транспорттук каражаттардын, анын ичинде таксилердин жүрүшүнө тыюу салынды.Жашы 65тен жогору кишилер обочолонуусу зарыл.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссия 13-июлдан тартып ички аба жана темир жол каттамдары токтой турганын билдирди. Поезд үчүн алдын ала билет сатып алгандардын акчасы кайтарылат, авиабилеттерди болсо кийин, жыл ичинде колдонсо болот.

Өлкө боюнча бүгүн, 13-июлдан тартып чач тарачтар жана сулуулук салондору жабылары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 12 400дөн ашты, 56 киши көз жумду, 7 500дөн көп адам айыкты.

 

Тэги: Өзбекстан коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу