Өзбекстандык миллиардер мекениндеги дарыгерлерге 10 млн $ бөлүп берди

03.08.2020, 09:45 Акчабар
Өзбекстандык миллиардер мекениндеги дарыгерлерге 10 млн $ бөлүп берди

Өзбек улутундагы орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлеринин сыйлыгына 100 миллиард сум (10 миллион долларга жакын) бөлүп берди. Бул тууралуу UZA.uz. мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Өзбек бийлиги бюджеттен медиктерге дагы 100 миллиард сум бөлөт. Өкмөттүн чечимине ылайык, бул каражаттан бир жолку сыйлык катары дарыгерлерге беш миллион сумдан (500 доллар), ортоңку медицина кызматкерлерине төрт миллион сумдан (400 доллар) берилет.

Өзбекстанда төрөлгөн Алишер Усманов «Forbes» журналынын рейтинги боюнча Россиядагы эң бай деген кишилердин тизмесинде жетинчи орунда турат.

2018-жылы АКШнын Финансы министрлиги Усмановду Россиянын президенти Владимир Путинге жакын олигархтардын бири катары атап, санкция салган.

Тэги: Өзбекстан миллиардер мекен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу