Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Заигам менен жолугушту. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.
“Пакистандык ишкерлер Кыргызстандын жашылча-жемиштерин экспорттоого кызыктар жана Соода-өнөр жай палатасынан ишкерлер менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты”, - деп айтылат маалыматта.
Пакистандын элчиси кыргыз делегациясын ушул жылдын июнь айында Пакистанда өтө турган көргөзмө-жарманкеге катышууга чакырды.