Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, пандемияда Кыргызстандагы эки миңге жакын коомдук тамактануучу жай ишин токтотту.
Маалым болгондой, 2019-жылы апрелде 950гө чукул, май айында 950дөн ашык мекеме жабылган. Июнь айынан баштап алардын басымдуу бөлүгү ишин кайра жанданткан.
Белгилеп кетсек, республикада үч миңден ашык коомдук тамактануучу жай бар.