Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Эл аралык «Манас» аэропортунун жүргүнчүлөрү 2.7 млндон 1 млн 49.6 миңге кыскарган. Бул коронавирус пандемиясына байланыштуу. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 61.3% төмөндөгөн. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Отчетттук мезгил убагында чет элдик жүргүнчүлөрдүн саны 67.1% - 608 миң адамга кыскарган. Ички жүргүнчүлөрдүн саны 49.2% - 441.2 миң адамга кыскарган.
Эл аралык авиакаттамдардын жабылуусунан улам, эл аралык 7.8 миң авиарейс каттабай калган. Ички каттам - 3.8 рейске кыскарган.