БАЭ делегациясы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстан павильонуна барды

13.01.2022, 09:59 Акчабар
БАЭ делегациясы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстан павильонуна барды

Кечээ, 12-январда Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөт мүчөсү жана экономика министри Абдулла бин Тоук Аль Марри Кыргызстандын павильонунда болду, аны конокторго Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Элмира Батаева тааныштырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан үчүн бул масштабдуу иш-чарага катышуу анын маданиятын, тарыхын, ошондой эле туристтик потенциалын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөлүк коомчулукка таанытуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү экени айтылды. Павильон экспонаттардын маданий маанисин гана көрсөтпөстөн, ар бир келген адам Кыргызстан менен байланыша ала тургандай кылып аларды тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Павильон жана сунушталган экспозициялар менен таанышуу учурунда Экономика министри БАЭ Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Анын ичинде 2017-жылы БАЭ экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн Кыргызстанга болгон иш сапары жемиштүү болгону айтылды. Ошону менен бирге эле, 2021-жылдын 14-декабрында ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Улуттук күнүнө карата БАЭ делегациясынын расмий иш сапар менен келишин араб тарап тыгыз кызматташуунун башталышы катары белгиледи.

Павильонго көргөзмө үчүн коюлган продукциялар менен таанышып чыккандан кийин министр Кыргызстандын БАЭ базарларына продукцияны жылдыруу боюнча чоң мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы бар экенин белгиледи. Делегацияны өзгөчө бал азыктары кызыктырды.

Министр кыргыз балы жана анын мыкты сапаттары тууралуу укканын белгилеп, кыргыз балы БАЭде татыктуу көрсөтүлөт деген ишенимин билдирди.

 

Тэги: Кыргызстан павильон Expo 2020 Dubai

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу