Эми пенсиялык күбөлүктү «Түндүк» мобилдик тиркемесинен алууга болот

16.01.2024, 14:42 Акчабар
Эми пенсиялык күбөлүктү «Түндүк» мобилдик тиркемесинен алууга болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде жаңы “Пенсиялык күбөлүк” санариптик документти алууга болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.  

“Пенсиялык күбөлүк” жаңы санариптик документ кагаз түрүндөгү документ менен бирдей эле юридикалык күчкө ээ. Аны талап кылынган бардык учурларда мамлекеттик органдарга көрсөтүүгө болот, документти алуу үчүн:

  • “Tunduk” мобилдик тиркемесин AppStore же PlayMarket аркылуу жүктөө; 
  • Булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү; 
  • Тиркемеде “Санариптик документтер” бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуу.  

Ишке ашырылып жаткан жаңы санариптик технологиялар жарандар үчүн мамлекеттик кызматты колдонууда бир кыйла жеңилдиктерди берет.

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана Тундук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу