Пенсиялык топтоолорду төлөө тартиби жөнөкөйлөтүлдү

02.03.2023, 09:36 Акчабар
Пенсиялык топтоолорду төлөө тартиби жөнөкөйлөтүлдү

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду пенсиялык топтоолорду төлөө эрежелерин өзгөрттү. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.

Жаңы эрежелер жарандарга пенсиялык топтомо каражаттарын ипотекалык насыясын төлөөгө же Мамлекеттик ипотекалык компания каржылаган мамлекеттик турак жай программасы боюнча кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага алуу келишими боюнча төлөмдөргө тийиштүү. 

“Бул укук төлөмдөрдүн жалпы суммасы насыя боюнча карыздын калдыгынан ашпаган жана беш жүз эсептелген көрсөткүчтөн (50 миң сом) кем болбогон шартта ипотекалык насыя алып жаткан же ипотекалык насыясы бар жубайларга да тиешелүү. Мындан тышкары, бул укук тиешелүү тизмеде саналган оор оорулардан жапа чеккен жарандардын балдарына, ата-энелерине жана жубайларына да берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ыйгарым укуктуу органдар менен коммерциялык банктар эми электрондук түрдө өз ара аракеттенишип, тастыктоочу иш кагаздардын санын кыскартып, иш кагаздарды кароо процедурасын жөнөкөйлөштүрө алышат.

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу