Калктын санын каттоо боюнча 25 миңге жакын адам иш алып барат

22.01.2020, 09:20 Акчабар
Калктын санын каттоо боюнча 25 миңге жакын адам иш алып барат

Өлкөдөгү калктын санын каттоо боюнча 25 миңге жакын адам иш алып барат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов президент менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Жалпысынан Кыргызстандын аймагында 500дөн ашуун каттоо бөлүмдөрү жана 4 миңге жакын инструктордук участкалар ачылат.

Президент калк жөнүндө маалыматтарды жыйноо жана алынган маалыматтарды иштеп чыгууну сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Калкты каттоо өлкөнүн жарандарынын социалдык-экономикалык чыныгы абалын көрүүгө, ар кандай багыттарда мамлекеттик саясатты ишке ашырууда баа берип, кемчиликтерди аныктоо мүмкүнчүлүгүн берерин белгиледи.


 

 

Тэги: Нацстатком КР перепись населения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу