Бир күн мурун Улуттук банк төлөм уюмдарынын бирине айып салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтына жарыяланды.
Аталган төлөм уюмуна террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдын
талаптарын бузгандыгы үчүн жаза колдонулгандыгы такталган.
Айып пулдун көлөмү 110 миң сомду түзгөн.