Унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн январь — февраль айларында бюджетке жыйым түрүндө 9 миллион 820 миң сом түшкөн.
Бардык сумма республикалык бюджетке которулган.
Кыргызстанда тонировка 2022-жылдын жазында тиешелүү мыйзам кабыл алынгандан кийин мыйзамдаштырылып, ошол эле жылдын 1-июнунан тарта уруксат берүү иштери башталган. Терезе караңгылатуунун баасы жеке жактар үчүн 80 миң сом, юридикалык жактар үчүн 100 миң сом, резидент эместер үчүн 120 миң сомду түзөт.