Нарын аймагында жайгашкан «Ак-Коргон» кум-шагыл аралашмасын сатуу боюнча Нарын райондук мамлекеттик админстрациясынын аянтында 14 – сентябрда аукцион өткөзүлдү.
Аукционго 5 компания катышкан: ОсОО «Нарын Цемент», ЖИ Сулайманов Т.К., ОсОО «Ашар ЛТД», ЖИ Аттокуров Б.К. жана ОсОО «Булут».
Баштапкы баа 141$ башталган. Аукциондун жыйынтыгы менен Бакытбек Аттокуров аттуу ишкер 43.5 миң $ сатып алды. Тынчтыкбек Сулайманов атуу ишкер 500$ аз (43 миң$) сунуштаган.
Аянт Нарындын түндүк жагында жайгашкан 340 км узундуктагы Бишкек автожолу менен байланышкан. Балыкчы темир жол станциясынан 180 км алыстыкта жайгашкан. Учурда керектелүүчү курулуш материалдын бардыгы менен камсыз болгон.