Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайлардын 62%ы коррупцияга аралашкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Анын айтымында, сурамжылоодо окуу жайларда коррупцияга каршы күрөш жүрбөй жатканы белгиленген.
"Студенттердин 57%ы мугалимдер, деканат, ректорат тарабынан басмырланышат. Ал жерден коррупцияны көрүшсө, кантип таза коом курабыз? Коррупция Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде жана БААУда гана жок", - деди ал.