“Шоро” компаниясы суусундукка болгон баанын көтөрүлүшүнө элдин тынчсыздануусун тең бөлүшөт жана бааны негизсиз жогорулатууга кызыктар эмес. Бул тууралуу Антимонополиядан билдиришти.
“Шоро” компаниясынан белгилешкендей, баанын кымбатташы жергиликтүү рынокто сатылып алынган чийки заттын баасынын орточо эсеп менен 30дан 55%га чейин жогорулашына байланыштуу. Ошондой эле, компания суусундук куюлган кагаздарды башка өлкөдөн сатып алат.
"Дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга жана салттуу жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу, импорттолуучу өнүмдөрдүн баасы абдан кымбаттады", - деп белгилейт "Шоро".
Сырьё базасы жана материалдык-техникалык жактан жабдылышынан тышкары ишкана жумушчулардын эмгек акысын жогорулаткан.
“Акыркы үч жылдын ичинде өндүрүштүк инфраструктурабызды активдүү жаңылап жатабыз. Биз эки жаңы куюу линиясын орнотуп жатабыз. Өткөн жылы сүт азыктарын кайра иштетүүчү жаңы цехти ишке киргиздик, бул кайра иштетүүчүлөрдү кыйгап өтүп, чийки затты түз дыйкандардан сатып алууга мүмкүндүк берди. Биз ферментациялык резервуарлардын жаңы тобун орнотуу жана куюу линиясын автоматташтыруу менен улуттук суусундуктарды даярдоочу цехтин өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулаттык”, - деп кошумчалады компания.