2018-жылдын октябрынан тарта 2019-жылдын 10 апрелине чейин Мамлекеттик салык кызматынын экономикалык ишмердик боюнча интернет аркылуу 14 миң 945 салык төлөөчүлөр патенти он-лайн сатып алышкан. Бул тууралуу МСК билдирди.
Электронндук патенти эки жол менен алса болот:
«Салык төлөөчү ар бир учурда патент үчүн салык кызматына келбей эле, Интернеттен каалаган убакта патент салып алса болот. Ал үчүн үйдөн же кеңседен чыгуунун кажети жок»деп билдирди салыкчылар.
Патенти терминал аркылуу, банкомат же Visa менен Masterсard карттары аркылуу же электрондук капчык «Элсом» аркылуу төлөсө болот.
«Учурда банктар арасында патенти аралыктан туруп төлөө боюнча иш-аракеттер жасалууда» деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.