Чек арадан 342 миң$ акчаны мыйзамсыз өткөзүп бара жаткан жаран кармалды

05.09.2019, 17:30 Акчабар
Чек арадан 342 миң$ акчаны мыйзамсыз өткөзүп бара жаткан жаран кармалды

 “Акжол” көзөмөл өткөрүү пунктундагы чек ара кызматкерлери, тастыктоочу документтери жок 22.6 млн рубль (342 миң $) акчаны мыйзамсыз өткөзүп бара жаткан КР жаранын кармашты.

Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка таянсак, 1986 – ж. туулган Ч.А., аттуу жаран, скотч менен оролгон сумка менен чек арадан өтүүгө аракет кылган. Ал сурак берүү учурунда акчаны Казакстандан Кыргызстанга алып келе жаткандыгын айткан. Бирок, каражаттын кайдан алгандыгы тууралуу тастыктаган документи жок болгон. 

Тиешелүү териштирүүлөр бүткөн соң, бул иш КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген. 

 

Тэги: контрабанда ГПС ГСБЭП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу