Баткенде 29 млн сомдук контрабанда аныкталды

12.08.2021, 10:00 Акчабар
Баткенде 29 млн сомдук контрабанда аныкталды

Баткен облусунун Лейлек районунун Майты аймагында контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча жүктүн жалпы баасы 29 миллион сомдон ашат.

Макулдашылган чек арадан 500 метр алыстыкта эреже бузуучулар кыргыз номери тагылган унаадан көмүрдү тажик номурлуу унаага жүктөп жатышкан. Бирок, чек арачы окуя болгон жерге келери менен алар качып кетишкен.

Натыйжада, кыргызстандын жараны менен эки унаа кармалган. Тажикстандын номери тагылган унаага болжол менен 6-7 тонна көмүр жүктөлгөн.

 

 

Тэги: борьба с контрабандой ГКНБ ГТС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу