Быйылкы жылдын январь-июнь айларында тоо-кен продукциясын чыгаруунун көлөмү 23 миллиард 158 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,1%га көп болду.
Ошол эле учурда Кыргызстанда өндүрүштүн жалпы көлөмүндө тоо-кен өндүрүшүнүн үлүшү 11,2%ды түздү.
Тактап айтканда, таш жана күрөң көмүрдү (+8,3%), чийки мунай жана жаратылыш газын (+6,5%), металл рудаларын (+5,4%), ошондой эле башка пайдалуу кендерди (+20,3%) казып алууда өндүрүштүн көлөмү өскөн.