Mbank уставдык капиталын 3,5 млрд сомдон ашык каражатка көбөйтөт

07.05.2024, 16:58 Акчабар
Mbank уставдык капиталын 3,5 млрд сомдон ашык каражатка көбөйтөт

Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында Кыргызстан Коммерциялык Банкынын – Мбанктын акцияларын сатуу боюнча ири бүтүм катталды. Бул тууралуу биржанын сайтына жарыяланды. 

Жалпысынан 719 млн 584 миң 616 жөнөкөй акция 3 млрд 597 млн 923 миң 80 сомго сатылды. Бир акциянын баасы 5 сомду түздү. 

Белгилеп кетсек, соода KФБнын биринчилик рыногунда өттү, бул банк өзүнүн уставдык капиталын көбөйтөт дегенди билдирет. Банктын биринчи кварталдагы финансылык отчетуна ылайык, анын капиталы 5,1 млрд сомду түзөт. 

Тэги: новости Кыргызстана акции Мбанка фондовый рынок акции уставной капитал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу