Электрондук арыз аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүндө пенсия алууга мүмкүн болот

10.02.2022, 09:03 Акчабар
Электрондук арыз аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүндө пенсия алууга мүмкүн болот

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБде эмгектенгендерди пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы жалпы процесстерди ишке ашыруу эрежелерин бекитти. Бул Биримдик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарына ЕАЭБ жумушчуларды пенсия менен камсыз кылуу боюнча макулдашууну ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнүн кагаз түрүнөн электрондук форматына өтүүгө мүмкүндүк берет.

Документ ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык системасы аркылуу маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуучу технологиялык документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн негиз болот.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда юридикалык мааниге ээ электрондук документтерди, жумушчуларга пенсияларды дайындоо жана төлөө боюнча маалыматтарды, ошондой эле пенсияларды бир мамлекеттен экинчи мамлекетке экспорттоо боюнча ыкчам алмашууну камсыз кылуу пландаштырылууда.

"Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү жалпы процесстерди ишке ашыруу алардын пенсия дайындоо жөнүндө арыздарын кароо убактысын кыскартат", - деди ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Руслан Бекетаев.

Эске сала кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө 2019-жылдын 20-декабрындагы макулдашуу 2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген.

Тэги: пенсии ЕАЭС Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу