АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн Инстаграм баракчасында июнь айында виза боюнча маектешүү үчүн кошумча орундарды ачарын билдирди.
Элчилик белгилегендей, бул чечим элчиликтин кезек күтүү убактысын кыскартуу жана Кыргызстандын ар бир жаранына виза алуу үчүн жазылуу мүмкүнчүлүгүн берүү максаттарынын бир бөлүгү болуп саналат.