Бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү апрель айында 381 млн сомго көбөйгөн

03.05.2021, 16:20 Акчабар
Бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү апрель айында 381 млн сомго көбөйгөн

Ушул жылдын апрель айынын аягына карата бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 3,733 миллиард сомду түздү. 2019-жылдын апрелине салыштырмалуу киреше 381 миллион сомго көбөйдү же өсүү темпи 111,3% болду. 2020-жылдын апрелине карата 2,208 миллиард сомго же өсүү темпи 242,9% түздү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирет.

Экономика жана Каржы министрлиги тарабынан белгиленген тапшырмалар 83,6%га аткарылды.

Ошол эле учурда, ушул жылдын төрт айында бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 12,181 миллиард сомду түздү. 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 288,4 млн сомго көбөйдү, же өсүү темпи 102% болду, 2020-жылдын 4 айында, тиешелүүлүгүнө жараша, 4,803 млрд сомго же өсүү темпи 165,1% түздү.

Экономика жана финансы министрлиги тарабынан белгиленген тапшырмалар 85,8%га аткарылды. 2021-жылга жылдык план 2019-жылга карата 111,8% жана 2020-жылга карата 167,4% өсүү темпи менен белгиленди.

Тэги: таможенные платежи Минфин деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу