Тооктун жумурткасы жана өсүмдүк майын жеткирүүчүлөргө жана өндүрүүчүлөргө бааларды төмөндөтүү максатында чыгымдарды оптималдаштыруу сунушталды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун төрагалыгы астында ишкерлер менен болгон жолугушууда талкууланды, деп билдирди агенттиктин сайты.
Жолугушууда, базарларлардагы тооктун жумурткасына жана өсүмдүк майына карата баанын абалын турукташтыруу боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында маселелер көтөрүлдү. Мындан тышкары, алар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин өсүмдүк майына жана тооктун жумурткасына болгон бааны ооздуктоо боюнча сунуштарын жана көйгөйлөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында, жеткирүүчүлөргө жана өндүрүүчүлөргө төмөнкүлөр сунушталды:
Жолугушууга Айыл чарба жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү дагы катышты.