“Ишкердикти өнүктүрүү фонду” директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болгонун билдирди. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржанын сайтында жайгаштырылган.
Алсак, 14-февралда өткөн фонддун директорлор кеңешинин жыйынында директорлор кеңешинин бир мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынган.
Тактап айтканда, өткөн жылдын сентябрь айында Чыңгыз Жумалиевдин ордуна келген Эрмек Амантуровдун ыйгарым укуктары токтотулган.