Премьер-министр иш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат

14.02.2020, 13:30 Акчабар
Премьер-министр иш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган  иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясына катышат.  

Мындан тышкары Өкмөт башчы Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.

Тэги: премьер-министр Жалал-Абад Ош облусу иш сапар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу