Чек арадагы өткөрмө пунктарда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берилет

04.03.2020, 15:00 Акчабар
Чек арадагы өткөрмө пунктарда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берилет

Коронавирус инфекциясы чыкса, ата мекендик экономика үчүн белгилүү бир кесепеттерди алып келет, биз бардык тобокелдиктерди кыскартышыбыз керек.  Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешмеде билдирди. 

«Биз бардык тобокелдиктердин алдын алуу жана азайтуу үчүн антикризистик иш-чаралар планын иштеп чыгышыбыз зарыл. Биздин товар жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытай Эл Республикасына туура келерин эске алуу керек. Басымдуу бөлүгүн коңшу өлкөлөрдөн товарларды импорттоо түзөт. Ошондуктан биз кесепетин азайтуу үчүн эпидемиологиялык кырдаалдын бизнес чөйрөгө таасирине терең талдоо жүргүзүүбүз кажет. Бул үчүн альтернативдик рынокторду издөө иштерин күчөтүп, бизнести колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик чек аранын өткөрмө-көзөмөлдөө жайларында жана обсервацияларда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берүүнү караштыруу тапшырылды.

«Дүйнөлүк экономика үчүн белгилүү бир чакырыктары бар мындай жагдай биздин экономиканын кемчилдиктерин аныктоону шарттайт. Биз натыйжалуу биргелешкен ишибизди көрсөтүүгө тийишпиз», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Өкмөт башчы ошондой эле экономикалык жоготууларды азайтуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүнү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр компетенттүү бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жол бербөө жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүү кесепеттерин четтетүү иштерин күчөтүүгө тийиштүү конкреттүү тапшырмаларды берди.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу