Президент КР айыл-чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

07.02.2020, 11:00 Акчабар
Президент КР айыл-чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Жерлердеги ишкерлерди колдоо өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө батытталган. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Ысыка-Ата районундагы айыл-чарба иштетүүчү ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып жатып билдирди.

«Кант-Сүт» ЖЧК сүт иштетүүчү ишканасына барганда өлкө башчысын аталган ишкананын өндүрүштүк  кубаттуулугу суткасына 140 тонна экендигин маалымдашты. Ишкана өлкөнүн сүт өнөр жайынын лидери болуп саналат, анын продукциясы Өзбекстан, Тажикстан жана Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн  рынокторуна экспорттолот.

«Кант-Сүт» ЖЧКсы 302 адамды жумуш орундары менен камсыздайт. 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча, ишкананын сатуу көлөмү 644 млн сомду түзгөн, анын ичинен 148 млн сом  экспорттон түшкөн.

Ошондой эле өлкө башчы асыл тукумдуу канаттуларды өндүрүүчү «Три Т» ЖЧКсы заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган ишкана инкубациялык тамак-аш жумурткасын өндүрүп, суткалык жөжөлөрдү чыгарат.

Ишкана өндүрүштө заманбап немис жабдыктарын колдонуп, жогорку сапаттагы продукцияны чыгарат.

Азыркы учурда ишканада 95 адам эмгектенет. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өндүрүштүн жалпы көлөмү 250 млн сомду түзгөн. Ошондой эле, «Три Т» ЖЧКсы ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциясын экспорттой алган ишканалардын катарына кирген.

Өлкө башчы мындай ишкерлердин күч-аракеттери региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздап, жаңы жумуш орундары түзүлүп, ички миграция кыскарып жаткандыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлерге жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүп, берилип жаткан льготтук насыялардын көлөмүн жогорулатып, жерлерде бизнес жүргүзүүгө болгон тоскоолдуктарды түшүрүү керек экендигин билдирди.

Тэги: президент ишкана өндүрүш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу