Президент Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

12.02.2024, 09:05 Акчабар
Президент Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен 12-13-февралда Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышуу үчүн Дубай шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, быйылкы саммит өкмөттүн ишин өзгөртүү, жасалма интеллект жана жаңы багыттар, келечектеги өнүгүүнү жана экономиканы кайра карап чыгуу, келечек коом жана билим берүү, туруктуу өнүгүү жана жаңы глобалдык жылыштар, урбанизация жана глобалдык саламаттыкты сактоо приоритеттери сыяктуу темаларда "Келечектеги өкмөттөрдү түзүү" деген аталышта өтөт.

Саммиттин ишине глобалдык артыкчылыктарды, тенденцияларды талкуулоо үчүн мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын, дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле ар кыл тармактардагы эл аралык уюмдардын жетекчилеринин жана ийгиликтүү дүйнөлүк лидерлердин катышуусу күтүлүүдө.

"Президент Садыр Жапаровдун саммиттин пленардык сессиясында чыгып сөз сүйлөшү, Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылууда", — деди Муратбек Азымбакиев.

Тэги: президент иш сапар БАЭ Муратбек Азымбакиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу