Президент Садыр Жапаров өлкө элине кайрылуусунда экономикалык кризистен чыгуу боюнча сунуштарын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, оор экономикалык кырдаал элдин социалдык абалын күндөн-күнгө курчутууда. Мамлекет башчы экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча бир нече тапшырмаларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи:
- Биринчи милдет - өлкөгө инвестициялардын агымын жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү. Өкмөттүн жана Улуттук банктын маанилүү маселелеринин бири - экономиканы капитал менен камсыз кылуу.
- Экинчи милдет - өлкөнүн обочолонушуна жол бербөө. Бул үчүн өнөктөш өлкөлөр менен товарлардын эркин жүгүртүлүшүн жана калктын толук эмдөөсүн камсыз кылуу зарыл.
- Үчүнчү милдет - азык-түлүктүн кымбатташына жол бербөө.