Президент өкмөт мүчөлөрүнө: Баарыңар айыппул төлөшүңөр керек

19.06.2020, 15:21 Акчабар
Президент өкмөт мүчөлөрүнө: Баарыңар айыппул төлөшүңөр керек

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып беткап режимин бузгандыгы үчүн айыппул төлөөсүн талап кылды.

 

Президент «бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи. «Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», - деп президент, медиктердин талаптарын бузгандарга айыппул салууну талап кылды.

 

«Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айыппул төлөшүңөр керек», - деди ал.

Тэги: президент кмөт мүчөлөрү Айып пул социалдык дистанция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу