Президенттин төрагалык астында өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча жыйын өтөт

12.02.2020, 10:15 Акчабар
Президенттин төрагалык астында өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча жыйын өтөт

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 12-февралда туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук комитетине караштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт.

Жыйында инвестицияларды коргоонун абалы жана бизнес субъекттердин укуктарын коргоо, экономикалык иштердин криминалдашуусунун укуктук аспекттери, бизнести коргоо тармагында укук органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышы талкууланат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн бизнес-коомдун өкүлдөрү катышат. Комитеттин жыйынынын жыйынтыгында ишкердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртууга жана өлкөнүн инвестициялык дараметин жогорулатууга багытталган чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө.

 

 

Тэги: президент КР төрага комитет жыйын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу