Президент төрага, премьер-министр жана фракция жетекчилери менен жолугушту

14.04.2020, 13:00 Акчабар
Президент төрага, премьер-министр жана фракция жетекчилери менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Кенештин төрагасы,  премьер-министр  жана өлкөнүн парламенттик фракцияларынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйында кырдаалга байланыштуу коюлган чектөөлөрдү алып салуу али эртелик кылары айтылды.

Жогорку Кеңештин төрагасы жана премьер-министр өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режимин узартуу максатка ылайык болорун баса белгилешти. Буга ылайык фракциялардын лидерлери өзгөчө абал узартылса ишкердикти, калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо, экономикалык стимулдаштыруу жагдайлары боюнча Өкмөткө бир катар сунуштарын беришти.

Ошондой эле медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоону күчөтүүгө, Республикалык ыкчам штабдын жардамга муктаж болгондорго даректүү жардам көрсөтүүдө жана зарыл медициналык каражаттар менен камсыздоодо бюрократияны азайтуу керектигине көңүл бурушту.

 

Тэги: президент фракциянын жетекчилери лидерлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу