Жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берүүгө убактылуу тыюу салынды

24.11.2021, 08:51 Акчабар
Жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берүүгө убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берилишине убактылуу мораторий киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Чектөө 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 1-январына чейин киргизилди.

Бүгүнкү кундө өлкөдө жогорку билимдүү медициналык кадрларды 22 ЖОЖ даярдайт, анын 5и - мамлекеттик жана 17си жеке менчик окуу жайлар. Акыркы 5 жылдын ичинде (2016-жылдан 2021-жылга чейин) 12 жылдык билим базасында 5 жылдык окуу мөөнөтү менен, англис тилдүү чет элдик жарандар үчүн "Дарылоо иши" программасын ишке ашырган 10 жаңы ЖОЖ ачылды.

"Учурда медицина тармагына лицензия алуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда (5 арыз кароодо), алардын бардыгы жетиштүү клиникалык база жана тийиштүү кадрлар менен камсыздалган эмес. Жогорку окуу жайлары тиешелүү кадрдык, методикалык жана башка ресурстук камсыздоосу жок туруп, медициналык программаларга лицензия алууга аракет кылуу тенденциясы байкалууда. Бул жогорку медициналык билим берүүнүн сапатынын кескин төмөндөшүнө алып келген", - деп айтылат минкабдын маалыматында. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу