Кечээ кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасынын системасында"Салым Финанс" микрофинансы компаниясынын артыкчылыктуу акциялары менен эки бүтүм катталды.
КФБнын экинчилик рыногунда 1 млн 427миң сомго 1 миң 442 даана акция сатылган.
Ошол эле учурда сооданын жыйынтыгы боюнча “Салым Финанстын” артыкчылыктуу акциялары 5%га төмөндөп, бир акция 1000 сомдон 950 сомго чейин арзандады.