“Евразиялык сактык банкы” ачык акционердик коомунда убактылуу администрация атайын режими узартылды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.
Мындай чечимди 22-декабрда Улуттук банк башкармасы кабыл алган. Атайын режимдин мөөнөтү 24-декабрдан тартып 6 айга узартылды.
“Евразиялык сактык банкы” ААКсынын убактылуу администратору болуп Базаркулов дайындалды.