«Бир айыл – бир продукт» долбоору мамлекет тарабынан колдоого алынат

29.06.2022, 10:34 Акчабар
«Бир айыл – бир продукт» долбоору мамлекет тарабынан колдоого алынат

“Бир айыл – бир продукт” JICA долбоору мамлекеттик колдоого алынган улуттук долбоор болушу керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Япон Эл аралык Кызматташтыгы агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жетектеген JICA делегациясы менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Министрлер кабинетинин башчысы аталган долбоор өлкөнүн аймактарында ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилеп, өндүрүлгөн продукция жакшы кабылданып, чет мамлекеттерге экспорттолуп жатканын билдирди.

Ал кошумчалагандай, Министрлер кабинети бул долбоорду өлкөнүн айыл жеринде өндүрүшкө дем берүү жана аны жолго коюуга, жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү гана эмес, айыл тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган улуттук долбоорго айлантууну максат кылууда.

“Бир айыл – бир продукт” долбоорун мындан ары илгерилетүүгө мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү, аны мындан ары ишке ашырууда мыкты натыйжа берет деп ишенем. Жакын арада биз ири эл аралык өнүктүрүү институттарын тартуу менен бул программаны мамлекет тарабынан каржылоо моделин талкуулоого даярбыз. Биз бул программа келерки финансы жылынын башкы улуттук артыкчылыгы болушун каалайбыз. Мындан ары жергиликтүү бийликтердин жана Президенттик администрациянын аймактарды тейлеген кызматкерлеринин ишинин бааланышы бул долбоордун өнүктүрүү менен байланыштуу каралат”, - деди Акылбек Жапаров.

Республикадагы JICA туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки өз кезегинде социалдык-экономикалык долбоордун натыйжалуулугун белгилеп, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган артыкчылыктарды эске алуу менен долбоорду мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Кошумчаласак, бүгүнкү күндө 593кө жакын продукция иштелип чыгып, алардын айрымдары аймактык брендге ээ болуп, Бишкекте сатылууда, ошондой эле чет өлкөлөргө да экспорттолууда. Долбоор жаңы идеяларды жаратуу жана жаңы продукцияларды түзүү аркылуу өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтөт.

Тэги: Одно село-один продукт Акылбек Жапаров Япония и Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу