Профсоюздар федерациясы өлгөн адамдарга жолдомо саткандыгы айтылды

21.06.2023, 16:58 Акчабар
Профсоюздар федерациясы өлгөн адамдарга жолдомо саткандыгы айтылды

Профсоюздар федерациясынын жетекчилери эс алууга жолдомолорду сатууда коррупциялык схеманы уюштурушкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди. 

Анын айтымында, алар тигил же бул уюмдун мүчөлөрүн жасалма түрдө көбөйтүп, өлгөн жандарга жолдомо сатышкан.

“Мисалы, токой чарба кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 1,5 миң мүчөсү болсо, алар 17 миң 805 адамга жасалма документ жасап, аларга жолдомо алышкан”, - дейт Шайлообек Атазов.
Профсоюздук органдардын ишин текшерүү боюнча депутаттык комиссия да объектилерди арзандатылган баада сатуунун бетин ачты.

Шайлообек Атазов Ысык-Көлдөгү пансионаттын 3,7 гектар жери 300 миң сомго сатылганын билдирди.

“Алмашкыс жетекчилер бар. Алар 20-30 жыл иштеп, профсоюздук мүчөлүк акыларды өз каалоосу менен башкарып, анын ичинде өздөрүнө 495 миң сомго чейин маяна дайындашат”, - деди ал.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу