Путин: Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлантууда позитивдүү динамика бар

28.03.2019, 17:06 Акчабар
Путин: Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлантууда позитивдүү динамика бар

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга болгон иш сапарын жогоруу баалады. Бул тууралуу ал  28 мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы биргелешкен пресс-конференцияда билдирди.

Ал өз сөзүндө Владимир Путин тар чөйрөдө жана негизги министрлер катышкан кең жолугушууларда дагы соода -экономикалык кызматташтыктар талкууга алынганын айтты.

«Биз эки тараптуу товар  айлантуудагы позитивдүү динамиканы байкап жатабыз. Былтыркы жылкы статистиканы карсак, товар айлантуу  17% өсүп, суммардык баасы $2 млрд жетсе, ушул жылдын январында 25% жогорулаган» – деп белгиледи Россиянын мамлекет башчысы.

Эки тараптуу товар айлантуунун өсүшүнө экспорттук борбордун кошкон салымы тууралуу айтты. Борбордун колдоосу менен 12 биргелешкен долбоор, товарлардын номенклатурасын көбөйтүп, жалпы суммасы $71 млн жеткен.

«Россиянын түз инвестиция фонду аркылуу эки тараптуу капитал салууга көп  аракеттер жасалууда. Фонд менен кыргыз өнөктөштөр түзгөн келишимдер  биргелешкен инвестицияларды көбөйтүүгө багытталып, учурда алардын көлөмү $350 млн болду. Россиянын Кыргызстанга жасаган капиталдык салымы  $200 млн, ал эми Кыргызстандын  Россиядагы салымы – $150 млн» – деп белгиледи Путин.

 Россиянын  ишканалары Кыргызстандын экономикасында баардык тармагында иш алып барарын РФ президенти Путин белгиледи. Кыргызстандын: энергетика, кен казуу тармагы, магина куруу, айыл чарба  жана транспорт тармактары. 

«Республикада  700 ашык кыргыз-орус биргелешкен  ишканалары ийгиликтүү иш алып барууда. Россия-Кыргызстандын өкмөттөр аралык комиссиясы да алгылыктуу иш алып барууда. Алардын жыйыны Бишкекте 1-мартта өттү.  Россия-Кыргыз ишкерлер кеңеши конкеретүү  иштер менен алышып, долбоорлорго реалдуу эффект алып келүүдө. Анын ичинде чакан жана орто бизнеске. Аймактар аралык конференциялар дагы туруктуу өткөрүлүп келет.  Анда областар, муниципалитет  менен ишкерлер чөйрөсү  катышып келет» – деп билдирди ал. 

 

Тэги: Владимир Путин товарооборот Сооронбай Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу