Кыргызстандын беш облусу жарандык бюджетти, жергиликтүү бюджеттин онлайн-порталына жайгаштырды. Бул тууралуу саясат жана өнүктүрүү институтунун өкүлү Надежда Добрецова Ачык өкмөт конференциясында билдирди.
«Онлайн тиркеме каржы-экономика тармагында иштеген кызматкердин ишин жеңилдетет жана бюджет тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар электрондук түрдө ала алат», — деп билдирди.
Жарандык бюджет жергиликтүү тургундарга каржы тууралуу маалыматты жеткиликтүү жана жөнөкөй тилде алууга мүмкүнчүлүк түзөт.