15- июлда Мамлекеттик байланыш агентиги жыштыктар боюнча аукцион жүргүзүп, анда 107.4 МГц жыштыгы 379.8 миң сомго сатыкка коюлган.Аукционго төрт компания катышып: «Европа» ЖЧК радио компаниясы, Media Group Tumar ЖЧК, «Телерадиокомпания «Азия-Центр» ЖЧК, «Той Медиа» ЖЧК катышты.
Сооданын жүрүшүндө 2 млн 506.4 миң сом сунушталган. Жыштыкты «Европа» радио компаниясы жеңип алганы тууралуу Байланыш агентиги билдирди.
Аукциондогу соода 1 саат 3 минут жүргөн. Экинчи ири сумма Media Group Tumar (2 млн 316.5 миң сом) сунушталып, алар жеңүүчүдөн 190 миң сом кем беришкен.
«Европа», Media Group Tumar компанияларынан сырткары аукционго « «Азия-Центр» телерадио компаниясы менен «Той Медиа» да катышкан. Онлайн-аукцион Мамлекеттик байланыш агентигинин интернет-ресурсундажүргөн.