Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары кармалды

27.03.2024, 09:15 Акчабар
Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана бир туугандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Райымбек Матраимовду УКМК 25-мартта тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжандын аймагында кармап, Кыргызстандын аймагына алып келди.

Ошондой эле аны менен бирге бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинди.

Эске салсак, Райымбек Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Тэги: Матраимов УКМК кылмыш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу