Быйыл январь айында Башкы прокуратуранын чыгашасы 75 миллион 534,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин материалдарында айтылат.
Бул сумманын негизги бөлүгү 68 миллион 748,6 миң (91%) эмгек акыга кеткен. Ал эми коммуналдык кызматтарга 2 млн 568,6 сом, Социалдык фондго чегерүүлөргө 1 млн 746,2 миң сом, күзөт кызматына 1 млн 660,2 миң сом бөлүнгөн.
Ал эми иш сапарларга, байланыш кызматына жана башка товарларга 810,9 миң сом жумшалган.