Каржы министрлигинин ушул айдагы бюджетинде Жогорку Кеңештин аппараты үчүн 71 миллион 875,2 миң сом каралган.
Дагы 3 миллион сому Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондуна чегерилет.
Ошол эле учурда парламенттин бюджетине 90 млн 745,6 миң сом (77,3 млн сом, андан кийин дагы 13,4 млн сом) бөлүнгөн апрель айына салыштырмалуу май айында чыгашалар 18,9 млн сомго азыраак болору күтүлүүдө.