Жапаров Армениянын президенти жана ЕАЭБ өкмөт башчылары менен жолугушту

21.10.2022, 16:07 Акчабар
Жапаров Армениянын президенти жана ЕАЭБ өкмөт башчылары менен жолугушту

Армениянын президенти Ваагн Хачатурян Ереван шаарына Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген өкмөт башчыларын кабыл алды. Жолугушууга ушул жылы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине төрагалык кылган Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Жолугушуунун катышуучулары евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү, кооперацияны чыңдоонун маанилүүлүгү маселелерин талкуулашты. Акылбек Жапаров Армения Республикасынын президенти Ваагн Хачатурянга президент Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду. 

Ал ошондой эле Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуусу алкагында биздин өлкө өткөргөн эл аралык иш-чараларга армян тараптын активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди. 

"Бир күн мурун мен кесиптештер менен интеграциянын актуалдуу маселелери, анын ичинде кооперативдик өнөр жай долбоорлорун каржылоо маселеси боюнча чечимдерди карап чыктык. Менимче, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү менен биз ЕАЭБ алкагында интеграцияны өнүктүрүүнүн жаңы деңгээлине чыга алабыз. Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуучу өлкө катары евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө жана товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн жалпы рыногун түзүүнү жыйынтыктоого активдүү катышууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин үстүбүздөгү жылдын башында Биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларына кайрылуусунда белгиленген милдеттердин алкагында, 2025-жылга чейин Интеграциялык бирикмени өнүктүрүү стратегиясында белгиленген чараларды ишке ашыруу боюнча бир топ иштер аткарылды. Ошол эле учурда глобалдык чакырыктар жана коркунучтар бизден бул Стратегияны ишке ашырууда активдүүлүгүбүздү жогорулатууну талап кылууда. Биргелешкен күч-аракеттердин жана ырааттуу иштин аркасында алдыга койгон амбициялуу максаттарга жетебиз деп ишенем”,- деди Акылбек Жапаров.

Тэги: ЕАЭС Акылбек Жапаров Армения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу