БШК: Парламенттик шайлоонун жокко чыккан чечими күчүндө калтырылат

11.10.2020, 12:59 Акчабар
БШК: Парламенттик шайлоонун жокко чыккан чечими күчүндө калтырылат

10-октябда өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынан кийин вице-спикер Мирлан Бакиров журналисттердин шайлоо боюнча узаткан суроосуна жооп берип жатып, шайлоо мыйзам чегинде өткөнүн айтты.

Буга чейин Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз салган КМШ мамлекеттеринин байкоочулары шайлоо олуттуу мыйзам бузуусуз, ачык жана таза өткөнүн билдиришкен.

Бирок  автоматтык үкөк системасынын алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон сасий партиялар митингге чыгышкан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдүн жана УКМКнын имаратын басып алышып, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен.

6-октябрда БШК жыйынга чогулуп, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарган. Эми кайра өтчү парламенттик шайлоонун мөөнөтү 6-ноябрга чейин аныкталышы керек.

Мурдагы шайлоонун чечими  кайра күчүндө калабы деген суроого БШКнын өкүлү акыркы чечим күчүндө кала турганын айтты:

“Бугүнкү күндө шайлоонун жыйынтыгы боюнча ким кандай пикир айтса дагы, БШКнын чечими менен жараксыз деп табылат. Ошентип, эмне болгон күндө дагы Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өтөт. БШК өзүнүн акыркы чечимин жокко чыгарбайт”.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу