Нарындан Японияга дары чөптөр жеткирилет

25.07.2022, 12:34 Акчабар
Нарындан Японияга дары чөптөр жеткирилет

Нарын облусунун Ат-Башы районунда эфир майынын экстракттарын кайра иштетүү жана кургатылган чөптөрдү өндүрүү боюнча кичи цех ачылды. Ишканага дары чөптөр жергиликтүү тургундар тарабынан жеткирилет.

Иш-чарага расмий өкүлдөр, ишкерлер жана эл аралык донорлор катышты.

Маалымдалгандай, цех айыл тургундарына ар түрдүү тармактарда: косметика, тамак-аш, дары-дармек жана фармацевтика тармагында колдонулуучу жогорку сапаттагы азыктарды өндүрүү үчүн чөптөрдү өстүрүү жана жеткирүү аркылуу алардын жашоосун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Цехтин өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө үч миң килограммга чейин чөптү кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет жана анда аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 10го жакын адам эмгектенет.

Мындан тышкары, миңден ашык аялуу катмардагы адамдар цехти сырье менен камсыз кылуу үчүн дары-дармек өсүмдүктөрүн (ромашка, валериана, календула, шалфей, жалбыз) отургузуунун агротехнологиялары боюнча окууларга катышты.

Цехтин негиздөөчүсү “Дордой-Дары” ЖЧКсы. “Дордой” ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбеков бул чакан цех келечекте чоң заводго айланышы мүмкүн экенин белгиледи.

Ал дары чөптөрдү өстүрүп, ыңгайлуу жашаган бир нече мамлекеттерди мисал келтирди. Алсак, Тибетте мындай чөптөрдөн ар кандай дары-дармектер жасалып, анан фантастикалык баада сатылат, ал эми кээ бир фирмалар эфир майларынан 100 евролук атыр чыгарышат.

Салымбеков чөптөр менен иштөө картошка айдаганга караганда алда канча пайдалуу деп эсептейт.

Буга чейин Кыргызстандан бал жана жаңгак экспорттой турган Япония продукцияны сатып алууга даяр. Күн чыгыш өлкөсүнүн негизги талабы – химиялык заттар жок, экологиялык жактан таза продукция болушу керек. Экспорт бир жылдын ичинде башталышы мүмкүн.

Облустун бир нече райондору долбоордун үстүндө иштеп, алардын ар бири өз көчөттөрүн тандап алышкан.

Нарын облусундагы цех БУУнун Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аркасында Япония өкмөтүнүн жана “Дордой-Дары” ЖЧКсынын каржылык колдоосу менен ачылды.

Тэги: цех нарынская область лекарственные травы Аскар Салымбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу