Орус рубли сомго карата 4,5% арзандады

22.02.2022, 18:11 Акчабар
Орус рубли сомго карата 4,5% арзандады

Кыргызстандын Улуттук банкы 23-февралга карата сомдун расмий түрдөгү курсун жаңылады. Бул маалымат борбордук банктын сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматтарга ылайык, кыргыз валютасы өнөктөш өлкөлөрдүн негизги валюталарына карай күчтөнгөнү айтылат. Бул арада сомго карата орус рубли дароо, жогорку динамикада 4,54%га арзандап кетти. Буга байланыштуу 23-февралда валюталар бирге бир деген көрсөткүчтө болуп, рубль 1.0545 сомду түздү. 

Акыркы жолу мындай көрсөткүч менен 2020-жылдын ноябрь айында рубль мындан да төмөндөп кеткен эле. Ал эми орус валютасына карата доллардын курсу дароо 3,5%га жогорулап, 80.01 рублди түздү. Эксперттердин талдоосу боюнча, бул көрүнүш Украинадагы абалдын курчушу менен байланыштуу деп айтылат.

Тэги: рубль курс валют падение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу